# 156-берене. Түйүлдүк менен тыюу салынган аракеттер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 156-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-156

---

Аялды жасалма уруктандыруу боюнча же денеден тышкары сакталган адамдын түйүлдүгү менен жүргүзүлүүчү аракеттердин жүрүшүндө жасалган:

1) жыныстык хромосомасы боюнча тандалган сперматозоид менен аялдын урук клеткасын жасалма уруктандыруу, жыныс белгиси боюнча берилүүчү тукум кууган оор ооруу менен баланын ооруп калуусун болтурбоо максатында, жыныстык клетка тандалган учурларды кошпогондо, же

2) уруктандырылган урук клеткасынын ядросун башка тирүү же өлгөн кишинин түйүлдүгүнүн, уругунун клеткасы менен ошол түйүлдүккө, урукка, тирүү же өлгөн кишиге, тукум куучу маалыматка окшош кишинин түйүлдүгүн жаратуу максатында алмаштыруу, же

3) ар кандай тукум кууган маалыматы бар түйүлдүктөргө кошуу, эгерде алардын жок дегенде бири кишинин түйүлдүгү болсо, ошого тете клеткалардагы түйүлдүктөрдөн айырмаланган тукум кууган маалыматты камтыган жана аны менен бирге өсүүгө жөндөмдүү клетканы кишинин түйүлдүгүнө кошуу, же

4) адамдын урук клеткасын жаныбардын сперматозоиди менен же жаныбардын урук клеткасын адамдын сперматозоиди менен уруктандыруу жолу аркылуу өсүүгө жөндөмдүү түйүлдүктү жаратуу, -

IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же III категориядагы түзөтүү жумуштарына же IV категориядагы айып салууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-155)  
Кийинки берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-157)
