# 149-берене. Айыкпас инфекциялык ооруну жуктуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-149>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-149.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 149-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-149

---

1. Кишинин иммуно-таңсыктык вирусун, же болбосо башка айыкпас инфекциялык ооруну жуктуруу коркунучуна башка адамды туш кылуу, эгерде оору жуга элек болсо, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзүндө бул оору бар экендигин билген адамдын башка адамга кишинин иммуно-таңсыктык вирусун, же болбосо башка айыкпас инфекциялык ооруну жуктуруусу, этиятсыздыктан жасалса, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Кишинин иммуно-таңсыктык вирусун, же болбосо адамдын өмүрү үчүн коркунучтуу башка айыкпас инфекциялык ооруну жуктуруу, -

III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде ВИЧ-инфекциясы жугуу коркунучунда калган башка адам биринчи адамдын мындай оорусу бар экендиги жөнүндө өз убагында эскертилсе жана жугузуу коркунучун түзгөн аракеттерди жасоого өз ыктыяры менен макул болгон учурда, ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосунду жасаган адам жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

---

Мурунку берене: [148-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-148)  
Кийинки берене: [150-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-150)
