149-берене. Айыкпас инфекциялык ооруну жуктуруу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 23-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Кишинин иммуно-таңсыктык вирусун, же болбосо башка айыкпас инфекциялык ооруну жуктуруу коркунучуна башка адамды туш кылуу, эгерде оору жуга элек болсо, -
IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Өзүндө бул оору бар экендигин билген адамдын башка адамга кишинин иммуно-таңсыктык вирусун, же болбосо башка айыкпас инфекциялык ооруну жуктуруусу, этиятсыздыктан жасалса, -
VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Кишинин иммуно-таңсыктык вирусун, же болбосо адамдын өмүрү үчүн коркунучтуу башка айыкпас инфекциялык ооруну жуктуруу, -
III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде ВИЧ-инфекциясы жугуу коркунучунда калган башка адам биринчи адамдын мындай оорусу бар экендиги жөнүндө өз убагында эскертилсе жана жугузуу коркунучун түзгөн аракеттерди жасоого өз ыктыяры менен макул болгон учурда, ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосунду жасаган адам жазык жоопкерчилигинен бошотулат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
149-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-149" title="149-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>