# 144-берене. Уруп-согуп кыйноо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 144-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-144

---

1. Дайыма кайталануучу уруп-согуп кыйноо жолу менен, же болбосо башка зомбулук аракеттер менен дене-бойлук же психикалык жапа чегүү келтирүү, эгерде бул ушул Кодекстин 138 жана 139-беренелеринде көрсөтүлгөн кесепеттерге алып келбесе, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата;

2) күнөөлүү билип туруп жашы жетелекке, алсыз абалдагы, же болбосо күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамга, ошого тете уурдалган, же болбосо барымта катары кармалган адамга карата;

3) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-143)  
Кийинки берене: [145-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-145)
