# 143-берене. Кыйноолор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-143>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-143.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 143-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-143

---

1. Кимдир бирөөгө, андан же башка адамдан маалыматтарды алуу же мойнуна алдыруу максатында адамды дене-бойлук жана психикалык жапа чегүүнү келтирүү; ал же башка адам жасаган же жасады деп шектелген жосун үчүн аны жазалоо; ал эми ошого тете белгилүү бир жосундарды жасоо үчүн аны же башка адамды коркутуу же мажбурлоо, же ар кандай мүнөздөгү басмырлоого негизделген себеп боюнча кызмат адамы тарабынан, же болбосо анын шыкактоосу боюнча, анын жетегинде же унчукпаган макулдугу менен жасалган жосун -

III категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга же билип туруп жашы жетелекке карата;

2) күнөөлүү билип туруп алсыз абалдагы майыпка же башка адамга карата;

3) адамдардын тобу же сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) өзгөчө мыкаачылык менен;

5) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирүү, -

IV категориядагы айып салуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-142)  
Кийинки берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-144)
