# 139-берене. Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 139-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-139

---

1. Өмүргө коркунуч келтирбеген жана ушул Кодекстин 138-беренесинде каралган кесепеттерге алып келбеген, бирок ден соолуктун узакка начарлашына же жалпы эмгекке жарамдуулугунунун үчтөн бирине чейин олуттуу түрдө туруктуу жоготууга алып келген ден соолукка зыян келтирүү, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып, же I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) эки же андан көп адамга карата;

2) күнөөлүү билип туруп алсыз абалдагы адамга карата;

3) адамдардын тобу же сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) өзгөчө мыкаачылык менен -

VI категориядагы айып салууга же II категориядагы айып салуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) бул адамдын кызматтык, кесиптик ишин жүзөгө ашыргандыгына же коомдук милдетин аткаргандыгына байланыштуу ушул адамга же анын жакындарына;

2) ушул берененин 2-бөлүгүндө жана ушул берененин ушул бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган эки же андан көп оордотуучу жагдайлардын жыйындысында жасалган, -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-138)  
Кийинки берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-140)
