# 136-берене. Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 136-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-136

---

1. Этиятсыздыктан жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүүгө же өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылууга алып келген, адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу зомбулукту колдоном деп коркутуу же катаал мамиле кылуу же жеке кадыр-баркын ар дайым кемсинтүү -

II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Күнөөлүүдөн материалдык, же болбосо башкадан көз каранды болгон адамга карата, же билип туруп жашы жетелекке карата жасалган ошол эле жосундар, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Адамды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү максатында жасалган жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүүгө алып келген адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу зомбулукту колдоном деп коркутуу, же катаал мамиле кылуу, же жеке кадыр-баркын ар дайым кемсинтүү, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [135-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-135)  
Кийинки берене: [137-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-137)
