# 130-берене. Киши өлтүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-130>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-130.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 130-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-130

---

1. Киши өлтүрүү - башка кишинин өмүрүн кыюу -

V категориядагы айып менен V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган киши өлтүрүү:

1) көп кишинин өмүрү үчүн коркунуч келтирүүчү ыкма менен;

2) адамдардын тобу же сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) өзгөчө мыкаачылык менен;

4) бейбаштык максатта;

5) пайда көздөө максатында же жалдоо менен;

6) жабырлануучунун органын же ткандарын алуу максатында;

7) башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү үчүн;

8) ошол адамдын кызматтык, кесиптик ишти жүзөгө ашыргандыгы же коомдук милдетин аткаргандыгы менен байланыштуу адамды же анын жакындарына карата;

9) күнөөлүү билип туруп алсыз абалдагы же билип туруп жашы жетелекке карата;

10) расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар аралык касташуунун (араздашуунун) негизинде;

11) эки же андан ашык адамга карата;

12) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата;

13) зордуктоо же башка формадагы зомбулук менен жыныстык кумарын кандыруу менен коштолуп;

14) каракчылык, опузалап талап кылуу же терроризм акт менен коштолуп;

15) адамды уурдоо, же болбосо барымтага алуу менен коштолуп, -

VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга же VI категориядагы айып менен өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-129)  
Кийинки берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-131)
