# 13-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган кылмыштарга карата жазык мыйзамынын колдонулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 13-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-13

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган адам ушул Кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылууга жатат.

2. Төмөнкү учурларда кылмыш Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган деп таанылат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында башталган, аякталган же бөгөт коюлган;

2) Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган, ал эми кесепеттери анын чегинен тышкары жерде башталган;

3) башка жосундар менен катар эле же жыйындысында кылмышты түзүп, анын бир стадиясы Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган.

3. Колдонуудагы мыйзамдарга жана эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттолбой турган чет өлкөлүк мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрүнүн жана башка жарандарынын жазык жоопкерчилиги жөнүндө маселе, бул адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасалган учурда, эл аралык укуктун ченемдеринин негизинде дипломатиялык жол менен чечилет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-14)
