# 127-берене. Юридикалык жакты жоюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-127.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 127-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-127

---

1. Соттун чечиминин негизинде юридикалык жактын ишин мажбурлап токтотуу аны жоюу дегенди билдирет.

2. Оор же өзгөчө оор кылмыш белгилери бар жосун жасалган гана учурда, эгерде сот жасалган жосундун оордугу бул юридикалык жакты сактап калууга жана андан ары иштетүүгө мүмкүн эместигин тааныганда, ошондой эле ушул Кодекстин 125-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда гана юридикалык жакты жоюу дайындалат.

---

Мурунку берене: [126-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-126)  
Кийинки берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-128)
