# 125-берене. Юридикалык жакка салынуучу айып

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527#diff=1186179..1186180>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-125>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-125.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 125-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-125

---

1. Юридикалык жакка салынуучу айыптар акчалай түрдө сот тарабынан дайындалат, эсептик көрсөткүчтөр менен эсептеп чыгарылат жана өлчөмү боюнча үч категорияга бөлүнөт:

1) I категория - анча оор эмес кылмыштын белгилери бар жосунду жасаган учурда - 2000ден 5000ге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдө;

2) II категория - оор кылмыштын белгилери бар жосунду жасаган учурда - 5000ден 10000ге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдө;

3) III категория - өзгөчө оор кылмыштын белгилери бар жосунду жасаган учурда - 10000ден 15000ге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдө.

2. Соттун чечими күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде айып төлөнбөгөн учурда, айыптын суммасы эки эсеге көбөйтүлөт. Юридикалык жак андан ары үч айдан ашык мезгил ичинде айып төлөөдөн качса, ал соттун чечими менен жоюлууга жатат.

3. Материалдык залал келтирилген учурда, айып залалдын орду толтурулгандан кийин өндүрүлөт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-124)  
Кийинки берене: [126-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-126)
