# 122-берене. Алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан, кургак учуктан жапа чеккен адамдарга медициналык мүнөздөгү чараларды колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 мая 2019 года № 62 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111907)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527#diff=1186172..1186173>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 122-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-122

---

1. Алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан, кургак учуктан жапа чеккен адамдар кылмыш жасаган учурда, сот мындай адамдарга медициналык корутунду болсо, жаза менен, мажбурлап дарылоону дайындайт. Соттолгондун дарыланууга карата болгон мамилеси аны ушул Кодекстин 91-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө маселени чечүүдө сот тарабынан эске алынат.

2. Эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жаза чараларына соттолгон, көрсөтүлгөн адамдар медициналык мекемелерде дарыланууга жатат. Мындай адамдар эркиндигинен ажыратууга соттолгон учурда, жазасын өтөгөн жерде, ал эми бошотулгандан кийин дарыланууну улантуу зарыл болгон учурларда, медициналык мекемелерде дарыланууга жатат.

(КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-121)  
Кийинки берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-123)
