# 12-берене. Жазык мыйзамынын өткөн мезгилге карата колдонулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 12-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-12

---

1. Жосундун кылмыштуулугун жокко чыгаруучу же кылмыштуу жосундун жазык-укуктук кесепеттерин жеңилдетүүчү мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулат, башкача айтканда тиешелүү жосунду мындай мыйзам күчүнө киргенге чейин жасаган адамдарга, анын ичинде жаза өтөп жаткан же аны өтөгөн адамдарга жайылтылат.

2. Жосундун кылмыштуулугун белгилөөчү же жасалган кылмыштуу жосундун жазык-укуктук кесепеттерин күчөтүүчү мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

3. Жосундун жазык-укуктук кесепеттерин жарым-жартылай жеңилдетүүчү же жарым-жартылай күчөтүүчү мыйзам ушул кесепеттерди жеңилдетүүчү бөлүгүндө гана өткөн мезгилге карата колдонулат.

4. Эгерде кылмыш жасалган мезгилден тартып, өкүм чыгарган мезгилге чейинки мыйзам бир нече жолу өзгөрүлсө, анда мыйзамдын жеңилирээги колдонулат.

5. Тарбиялык жана медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар сотто ишти чечүү мезгилинде колдонулуучу мыйзамдын негизинде гана колдонулат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-13)
