# 119-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну узартуу, өзгөртүү, токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 119-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-119

---

1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну узартуу, өзгөртүү, токтотуу врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусунун негизинде сот тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Соттун чечими боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган адамдар медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну токтотуу же алардын түрүн өзгөртүү жөнүндө сот алдында өтүнүчтү козгоо мүмкүндүгү тууралуу маселени чечүү үчүн врач-психиатрлардын комиссиясынан алты айда кеминде бир жолу күбөлөндүрүүдөн өтүүгө тийиш. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын өзгөртүү же алып салуу үчүн негиздер болбогондо, врач-психиатрлардын комиссиясы ушул чараны колдонууну узартуу жөнүндө корутунду берет, ал дарылоо мекемесинин администрациясы тарабынан жылына бир жолудан кем эмес сотто кароо үчүн жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-118)  
Кийинки берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-120)
