# 118-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын дайындоонун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 118-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-118

---

1. Милдеттүү түрдө амбулатордук байкоо жүргүзүү жана психиатрда дарылоо (мажбурлап диспансерлештирүү) оорусу күчөгөндүктүн белгилери байкалбаган психикалык оорулууларга, ошондой эле убактылуу психикасын айныткан оорудан сакайган адамдарга карата, жигердүү байкоо жүргүзүү, оорунун өнөкөткө айланышынын жана ушул Кодексте каралган жаңы жосундарды жасоосунун алдын алуу үчүн колдонулушу мүмкүн.

2. Адаттагыдай байкоого алуу менен психиатриялык ооруканага госпиталдаштыруу психикалык абалы жана ушул Кодексте каралган жосунду жасаган мүнөзү боюнча ооруканада кармоого муктаж болгон оорулуу адамга карата дайындалышы мүмкүн.

3. Күчөтүлгөн байкоого алуу менен психиатриялык ооруканага госпиталдаштыруу ушул Кодексте каралган жарандардын өмүрүнө кол салуу менен байланышпаган жосунду жасаган, бирок психикалык абалы боюнча айланадагыларга коркунуч келтирүү мүмкүн болгон оорулуу адамга дайындалат.

4. Катуу байкоого алуу менен психиатриялык ооруканага госпиталдаштыруу, психикалык абалы жана ушул Кодексте каралган жосунду жасаган мүнөзү боюнча коомго жана айланадагылар үчүн өзгөчө коркунуч келтирген оорулуу адамга дайындалат.

5. Күчөтүлгөн жана катуу байкоого алуу менен психиатриялык ооруканаларга госпиталдаштырылган адамдар ушул Кодексте каралган жаңы жосунду жасоо мүмкүндүгүн болтурбагандай шарттарда кармалат.

---

Мурунку берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-117)  
Кийинки берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-119)
