Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
118-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын дайындоонун негиздери
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 19-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Милдеттүү түрдө амбулатордук байкоо жүргүзүү жана психиатрда дарылоо (мажбурлап диспансерлештирүү) оорусу күчөгөндүктүн белгилери байкалбаган психикалык оорулууларга, ошондой эле убактылуу психикасын айныткан оорудан сакайган адамдарга карата, жигердүү байкоо жүргүзүү, оорунун өнөкөткө айланышынын жана ушул Кодексте каралган жаңы жосундарды жасоосунун алдын алуу үчүн колдонулушу мүмкүн.
2. Адаттагыдай байкоого алуу менен психиатриялык ооруканага госпиталдаштыруу психикалык абалы жана ушул Кодексте каралган жосунду жасаган мүнөзү боюнча ооруканада кармоого муктаж болгон оорулуу адамга карата дайындалышы мүмкүн.
3. Күчөтүлгөн байкоого алуу менен психиатриялык ооруканага госпиталдаштыруу ушул Кодексте каралган жарандардын өмүрүнө кол салуу менен байланышпаган жосунду жасаган, бирок психикалык абалы боюнча айланадагыларга коркунуч келтирүү мүмкүн болгон оорулуу адамга дайындалат.
4. Катуу байкоого алуу менен психиатриялык ооруканага госпиталдаштыруу, психикалык абалы жана ушул Кодексте каралган жосунду жасаган мүнөзү боюнча коомго жана айланадагылар үчүн өзгөчө коркунуч келтирген оорулуу адамга дайындалат.
5. Күчөтүлгөн жана катуу байкоого алуу менен психиатриялык ооруканаларга госпиталдаштырылган адамдар ушул Кодексте каралган жаңы жосунду жасоо мүмкүндүгүн болтурбагандай шарттарда кармалат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-118" title="118-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>