# 114-берене. Жаза өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 114-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-114

---

1. Он сегиз жашка чейинки куракта жасаган кылмышы үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга ушул Кодекстин 88-беренесинин 2, 4-бөлүктөрүндө жана 90-беренесинде каралган шарттарда жана тартипте жаза өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулушу мүмкүн.

2. Жашы жетелек, иш жүзүндө төмөнкүлөрдү өтөгөндөн кийин, ага жаза өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулат:

1) анча оор эмес кылмыш үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн бирин;

2) оор кылмыш үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде үчтөн бирин;

3) өзгөчө оор кылмыш үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде жарымын.

---

Мурунку берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-113)  
Кийинки берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-115)
