# 112-берене. Пробациянын укуктук натыйжалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 112-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-112

---

1. Пробациялык мөөнөт аякталганда өзүнө жүктөлгөн пробациялык милдеттерди аткарган жана жаңы кылмыш жасабаган жашы жетелек соттолгон ага дайындалган жазадан сот тарабынан бошотулат.

2. Эгерде соттолгон жашы жетелек өзүнө жүктөлгөн пробациялык милдеттерди жыл ичинде жүйөсүз себептер менен эки жолу же андан ашык бузса, анда сот пробация органынын сунуштамасы боюнча аны дайындалган жазаны өтөөгө жөнөтөт.

3. Жашы жетелек соттолгон пробациялык мөөнөттүн ичинде жаңы кылмыш же жорук жасаган учурда, сот ага ушул Кодекстин 79-беренесине ылайык өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындайт.

---

Мурунку берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-111)  
Кийинки берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-113)
