# 111-берене. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-111.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 111-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-111

---

1. Эгерде сот беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындоодо, кылмыштын оордугун, күнөөлүүнүн инсандыгын, ошондой эле иштин башка жагдайларын эске алып, жашы жетелек соттолгонго жаза өтөөсүз эле түзөтүү мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка келсе, анда ал пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен аны жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл ала алат.

2. Эгерде пробациялык көзөмөл мөөнөтүнүн ичинде жашы жетелек соттолгон жаңы кылмыш же жорук жасабаса жана ушул Кодекстин 84-беренесинин негизинде сот тарабынан белгиленген өзүнө жүктөлгөн пробациялык милдеттерди аткарса, сот дайындалган жаза өтөөдөн аны бошотот.

3. Пробациялык көзөмөл бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгиленет.

---

Мурунку берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-110)  
Кийинки берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-112)
