# 110-берене. Эркиндигинен ажыратуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 110-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-110

---

1. Кылмыш жасаганга чейин он сегиз жашка жете адамдарга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза алты айдан он жылга чейинки мөөнөткө дайындалышы мүмкүн.

2. Жашы жетелекке эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза ушул Кодекстин 70-беренесинде каралган өлчөмдөрдө дайындалат.

3. Жашы жетелектерге кылмыштардын жыйындысы же өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоодо жазанын максималдуу мөөнөтү он жылдан, ал эми кылмыштардын жыйындысы боюнча жасалган кылмыштардын бири же андан ашыгы өзгөчө оор болсо, он эки жылдан ашпоого тийиш.

4. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза он алты жашка чейинки куракта биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган жашы жетелек соттолгонго, аны пробациялык көзөмөлдү колдонуу аркылуу жазадан бошотуу шарты менен гана дайындалат.

5. Өкүм чыгарылган учурда курагы он сегиз жашка жетелек адамга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөнүн түрү жана режими Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык дайындалат.

---

Мурунку берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-109)  
Кийинки берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-111)
