# 105-берене. Алдын ала эскертүү менен жүрүм-турумду чектөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 105-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-105

---

1. Жашы жетелектерге төмөнкүдөй тыюу салынышы мүмкүн:

1) белгилүү бир жерлерге барууга;

2) белгиленген бир мезгилдин ичинде турак жайдан кетүүгө;

3) белгилүү бир адамдар менен байланыш түзүүдөн карманууга;

4) эс алуунун белгилүү бир формаларын пайдаланууга.

2. Жашы жетелектерге төмөнкүлөр тапшырылышы мүмкүн:

1) билим берүү мекемесинде окуусун улантууга;

2) сот белгилеген мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жардамы аркылуу жумушка орношууга.

3. Сот ушул беренеде каралган тыюу салуулардан жана милдеттерден тышкары, өз байкоосу боюнча жашы жетелектердин жүрүм-турумун башкача түрдө чектей алат.

4. Жашы жетелек, эгерде белгиленген тыюу салууларды жана милдеттерди аткарбаса, ага карата тарбиялоо мүнөзүндөгү катуураак мажбурлоо чарасы же жазык жазасы колдонулушу тууралуу алдын ала эскертилет.

---

Мурунку берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-104)  
Кийинки берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-106)
