# 103-берене. Тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларынын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 103-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-103

---

1. Сот тарабынан төмөнкүдөй тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чаралары дайындалышы мүмкүн:

1) эскертүү менен көзөмөлдөөгө өткөрүп берүү;

2) эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө.

2. Жашы жетелектерге ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган тарбиялоо мүнөзүндөгү эки мажбурлоо чарасы бир мезгилде дайындалышы мүмкүн. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларын колдонуу мөөнөтү алты айдан тартып үч жылга чейин узактыгы белгиленет.

3. Эгерде жашы жетелек тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларында каралган шарттарды дайыма эле бузса, анда сот ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча мындай чараны тарбиялоо мүнөзүндөгү катуураак мажбурлоо чарасына алмаштырат же жаза колдонуу тууралуу маселени чечет.

---

Мурунку берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-102)  
Кийинки берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-104)
