103-берене. Тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларынын түрлөрү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 17-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Сот тарабынан төмөнкүдөй тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чаралары дайындалышы мүмкүн:
1) эскертүү менен көзөмөлдөөгө өткөрүп берүү;
2) эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө.
2. Жашы жетелектерге ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган тарбиялоо мүнөзүндөгү эки мажбурлоо чарасы бир мезгилде дайындалышы мүмкүн. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларын колдонуу мөөнөтү алты айдан тартып үч жылга чейин узактыгы белгиленет.
3. Эгерде жашы жетелек тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларында каралган шарттарды дайыма эле бузса, анда сот ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча мындай чараны тарбиялоо мүнөзүндөгү катуураак мажбурлоо чарасына алмаштырат же жаза колдонуу тууралуу маселени чечет.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
103-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодексиКодекс · 01.02.2017 · № 18 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-103" title="103-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>