# 1-берене. Жазык мыйзамы жана анын максаттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 1-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-1

---

1. Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциясына, эл аралык укуктун жана ченемдердин жалпы таанылган принциптерине жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге (мындан ары - эл аралык келишимдер) негизделген ушул Кодекстен турат.

2. Кылмыштар үчүн жазык жоопкерчилиги каралган башка мыйзам актылары ушул Кодекске киргизилгенден кийин колдонулууга жатат.

3. Ушул Кодекстин максаттары болуп инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, коомду, мамлекетти жана адамзат коопсуздугун кылмыштуу кол салуулардан коргоо, кылмыштардын алдын алуу, ошондой эле кылмыштан бузулган адилеттүүлүктү калыбына келтирүү саналат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-2)
