1-берене
Күчүндө · 10.02.2017 редакциясы
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 18-статья төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"12. Жергиликтүү каттоо органдары дагы арыздарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте, онлайн режиминде кабыл алышат.";
2) 22-статья төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү каттоону 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө токтото турууга, мындай укукту талашып жаткан адамдын арызы негиз болуп саналат. Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү каттоону 10 күндөн ашык мөөнөткө токтото туруу соттун аныктамасынын негизинде жүргүзүлөт. Токтото туруу жөнүндө арыз келип түшкөн учурдан тартып 10 календардык күндүн ичинде соттун тиешелүү актысы берилбеген учурда ал кароосуз калтырылат.";
3) 53-статьяда:
а) алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кыймылсыз мүлккө укукту белгилөөчү жана укукту чектөөчү документтерди жол-жоболоштуруучу жана берүүчү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, бул документтердин көчүрмөлөрүн 5 күндүк мөөнөттө кыймылсыз мүлк бирдиги жайгашкан жердеги жергиликтүү каттоо органдарына электрондук жана кагаз жүзүндө жөнөтүүгө милдеттүү;";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"укук белгилөөчү жана укукту чектөөчү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн бербегени же өз убагында жибербегени үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу адам Кыргыз Республикасынын администрациялык мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат;".
Берененин тексти 10.02.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 153
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111526/st-1" title="1-берене - Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>