# КР 2017-жылдын 10-февралындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 10-февралындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111525>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2341/edition/1289615/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111525.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 10-февралындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111525

---

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 10-февралы № 22 Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2016-жылдын 29-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111525/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 131-статьянын 1-бөлүгүнүн мамлекеттик тилдеги текстинде "козгоо" жана "токтотуу" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "козгоодон баш тартуу" жана "кыскартуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 339-статьяда:

а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"(1) Биринчи инстанциядагы соттун токтомдоруна ушул Кодекстин 332-статьясынын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар жекече даттануу же жекече сунуштама бере алат.";

б) 2-бөлүгүндө "үчүнчү" деген сөз "21" деген цифрага алмаштырылсын;

в) 21-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"(21) Биротоло соттук чечим чыгарылганга чейин биринчи инстанциядагы соттун жекече айыптоо иштери боюнча арызды өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө, бөгөт коюу чарасын тандоо, өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө, ишти соттуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө же иштин соттуулугун өзгөртүү жөнүндө токтомдору кассациялык тартипте жана көзөмөл тартибинде даттанууга жатат.";

г) 3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "жогору турган сотко" деген сөздөр алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111525/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 14-февралында № 22 (2747) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
