Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-03-03.
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 10-февралы № 22 Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2016-жылдын 29-декабрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 131-статьянын 1-бөлүгүнүн мамлекеттик тилдеги текстинде "козгоо" жана "токтотуу" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "козгоодон баш тартуу" жана "кыскартуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 339-статьяда:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"(1) Биринчи инстанциядагы соттун токтомдоруна ушул Кодекстин 332-статьясынын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар жекече даттануу же жекече сунуштама бере алат.";
б) 2-бөлүгүндө "үчүнчү" деген сөз "21" деген цифрага алмаштырылсын;
в) 21-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(21) Биротоло соттук чечим чыгарылганга чейин биринчи инстанциядагы соттун жекече айыптоо иштери боюнча арызды өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө, бөгөт коюу чарасын тандоо, өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө, ишти соттуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө же иштин соттуулугун өзгөртүү жөнүндө токтомдору кассациялык тартипте жана көзөмөл тартибинде даттанууга жатат.";
г) 3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "жогору турган сотко" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 14-февралында № 22 (2747) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской РеспубликиЗакон · 03.03.2023 · № 49
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской РеспубликиЗакон · 03.03.2023 · № 49
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон