# КР 2017-жылдын 9-февралындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 9-февралындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111524>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2340/edition/769959/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111524.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 9-февралындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (09.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111524

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 9-февралы № 21 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2016-жылдын 29-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111524/st-1)

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 498-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун техникалык өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";

2) 10-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111524/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 14-февралында № 22 (2747) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
