# 99-берене. Жашаган жайынан чыгаруу жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 99-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-99

---

1. Карызкор аны жашаган жайынан чыгаруу жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн белгиленген мөөнөттүн ичинде турак жайды бошотпосо, сот аткаруучу карызкордон аткаруу жыйымдарын өндүрүп алуу жөнүндө токтом чыгарат жана карызкорду мажбурлап чыгарууну жүргүзөт.

Карызкордун жогу аткаруу документин аткаруу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

2. Жашаган жайынан чыгарып салуу аткаруу документинде көрсөтүлгөн турак жайды чыгарылуучудан, анын мүлкүнөн, малынан бошотууну жана чыгарылуучуга бошотулган жайды пайдаланууга тыюу салууну өзүнө камтыйт.

3. Жашаган жайынан чыгарып салуу калыс-күбөлөрдүн катышуусу менен жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин көмөгү астында жашаган жайынан чыгарып салуу жана мүлкүн тизмектөө актысын түзүү аркылуу жүргүзүлөт.

4. Сот аткаруучу зарыл учурларда тартылган чыгашаларды карызкорго жүктөө менен жашаган жайынын чыгарылып салынган карызкордун мүлкүнүн сакталышын камсыз кылат.

Эгерде карызкор жашаган жайынан чыгарылып салынган күндөн тартып эки айдын ичинде көрсөтүлгөн мүлкүн алып кетпесе, анда сот аткаруучу көрсөтүлгөн мүлктү ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сатууга өткөрүп берет.

5. Карызкордун мүлкүн сатуудан түшкөн жана аткаруу боюнча чыгашалардын ордун толтургандан кийин калган акча каражаттары карызкорго кайтарылат.

Карызкор тарабынан талап кылынбаган акча каражаттары үч жыл бою депозиттик эсепте сакталат. Ушул мөөнөт аяктагандан кийин көрсөтүлгөн акча каражаттары республикалык бюджетке которулат.

---

Мурунку берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-98)  
Кийинки берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-100)
