# 98-берене. Жумуш ордуна калыбына келтирүү жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу жана аны аткарбай коюунун кесепеттери

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-98>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-98.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 98-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-98

---

1. Эгерде өндүрүп алуучу мурдагы эмгек милдеттерин аткарууга киргизилсе жана өндүрүп алуучуну бошотуу жөнүндө же которуу жөнүндө буйрук (тескеме) жокко чыгарылса, мыйзамсыз бошотулган же которулган кызматкерди жумуш ордуна калыбына келтирүү жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптар иш жүзүндө аткарылды деп эсептелет.

2. Карызкор бошотулган же которулган кызматкерди жумуш ордуна калыбына келтирүү жөнүндө талаптарды аткарбаган учурда, сот аткаруучу ушул Мыйзамдын 96-беренесинде белгиленген тартипте акчалай мажбурлоону колдонууга укуктуу. Акчалай мажбурлоо менчигинин түрүнө карабастан жумуш берүүчүнүн жетекчисинен өндүрүп алынат.

3. Акчалай мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө сот аткаруучунун бир нече жолку токтомдоруна карабастан бошотулган же которулган кызматкерди жумуш ордуна калыбына келтирүү жөнүндө талаптар карызкор тарабынан аткарылбаган учурда, карызкор Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген жоопкерчиликке тартылат.

4. Карызкорго карата акчалай мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө токтомду чыгаруу жана жумуш ордуна калыбына келтирүү жөнүндө талаптарды аткарбаганы үчүн карызкорду жоопкерчиликке тартуу карызкорду ушундай талапты аткаруудан бошотпойт.

5. Эгерде кызматкерди мурунку жумушуна калыбына келтирүү мүмкүн болбосо (кызмат орду кыскартылган, бөлүм жоюлган же башка учурларда), анда сот аткаруучу сотко соттун чечимин аткаруунун ыкмасын өзгөртүү боюнча сунуш жөнөтөт.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-97)  
Кийинки берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-99)
