# 97-берене. Аткаруу документинде көрсөтүлгөн мүлктү өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 97-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-97

---

1. Аткаруу документинде көрсөтүлгөн мүлк өндүрүп алуучуга ыйгарылган учурда, сот аткаруучу бул мүлктү карызкордон алып коет жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өндүрүп алуучуга өткөрүп берет.

2. Аткаруу документинде көрсөтүлгөн документсиз баалуу кагаздарды өндүрүп алуучуга ыйгарылган учурда, сот аткаруучу баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алууну жүзөгө ашыруучу адамга тиешелүү баалуу кагаздарды карызкордун эсебинен чыгарып салуу жана өндүрүп алуучунун эсебине чегерүү тууралуу токтом чыгарат.

3. Эгерде өндүрүп алуучу аткаруу документинде көрсөтүлгөн мүлктү алуудан баш тартса, анда сот аткаруучу бул тууралуу акт түзөт, көрсөтүлгөн мүлктү карызкорго кайтарат жана ушул Мыйзамдын 111-беренесинин 6-пунктуна ылайык аткаруу өндүрүшүн токтотот.

---

Мурунку берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-96)  
Кийинки берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-98)
