# 96-берене. Белгилүү бир иш-аракетти жасоого же белгилүү бир иш аракеттерди жасоодон карманууга карызкорго карата талаптарды аткаруунун жалпы шарттары

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-96>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-96.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 96-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-96

---

1. Сот тарабынан берилген аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн белгиленген мөөнөттө карызкор аткарбаган учурларда сот аткаруучу бир сутканын ичинде аткаруу жыйымын өндүрүп алуу жөнүндө токтом чыгарат жана карызкорго он жумушчу күндүн ичинде аткаруу үчүн жаңы мөөнөттү белгилейт.

Аткаруу үчүн жаңы мөөнөттү белгилөө менен бир эле убакта сот аткаруучу карызкорго аткаруу документинде камтылган талаптарды аткарбаган учурда ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген өлчөмдө ага карата акчаны мажбурлап өндүрүп алуу колдонулушу мүмкүн экени жөнүндө милдеттүү тартипте эскертет.

2. Аткаруу документинде камтылган талаптарды карызкор кайрадан белгиленген мөөнөттө жүйөөлүү себептерсиз аткарбаганда, сот аткаруучу карызкордон акчалай мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө токтом чыгарат жана аткаруу үчүн жаңы мөөнөттү белгилейт.

3. Эгерде акчалай мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө токтом чыгарылгандан жана аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу үчүн берилген мөөнөт аяктагандан кийин карызкор мындай талаптарды аткарбоону улантса, анда сот аткаруучу акчалай мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө кайрадан токтом чыгарууга жана аткаруу үчүн он күндүк жаңы мөөнөттү белгилөөгө укуктуу.

4. Акчалай мажбурлап өндүрүп алуу учурунда биринчи жолу анын суммасы жеке жактар үчүн эмгек акынын 3 минималдуу өлчөмүнөн аз болууга жана 5 минималдуу өлчөмүнөн көп болууга жана юридикалык жактар үчүн эмгек акынын 10 минималдуу өлчөмүнөн аз болууга жана 20 минималдуу өлчөмүнөн көп болууга тийиш эмес. Кайталап акчалай мажбурлап өндүрүп алууда анын суммасы жеке жактар үчүн эмгек акынын 10 минималдуу өлчөмүн жана юридикалык жактар үчүн эмгек акынын 50 минималдуу өлчөмүн түзөт.

5. Сот аткаруучу акчаны карызкорлордон - жеке жана юридикалык жактардан өндүрүп ала алат. Акчалай мажбурлоо карызкорлордон - мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өндүрүп алынбайт. Акчалай мажбурлоо мамлекеттик бюджетке өндүрүп алынат.

6. Акчалай мажбурлоо аткаруу документинде камтылган талаптар аткарылганга чейин же акчалай мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө токтомго сот тартибинде даттанылганга чейин сот аткаруучу тарабынан колдонулушу мүмкүн.

Акчалай мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө толугу менен же жарым-жартылай аткарылбаган токтомдор аткаруу документин берүүгө негиз болгон соттук актынын негизинде жокко чыгарылган учурда жокко чыгарылат.

7. Карызкорго карата акчалай мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө токтомдун чыгарылышы карызкорду аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруудан бошотпойт.

8. Эгерде көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу үчүн карызкордун катышуусу милдеттүү болбосо, анда сот аткаруучу өзүнө ушул Мыйзамда берилген укуктарга ылайык аткарууну уюштурат.

---

Мурунку берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-95)  
Кийинки берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-97)
