# 95-берене. Мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документин аткаруунун тартиби

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.06.2026 [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882); 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 28.10.2021 [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 95-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-95

---

1. Мүлктү конфискациялоо аткаруу документинде көрсөтүлгөн мүлктү карызкордон же башка жактардан мажбурлоо менен акысыз алып коюуну жана аны мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүүнү өзүнө камтыйт.

Мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документи менен бирге сот аткаруучулар бөлүмүнө өкүмдүн көчүрмөсү жөнөтүлөт. Сот аткаруучу мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документин алган күндөн тартып өкүмдө көрсөтүлгөн мүлктүн бар экендигин текшерет. Эгерде сот аткаруучуга конфискациялануучу мүлк көрсөтүлбөгөн мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу баракчасы келип түшсө, анда сот аткаруучу мындай аткаруу баракчасын кабыл алуудан баш тартат жана аны өкүм чыгарган сотко кайтарат.

2. Конфискацияланган мүлктү алардын компетенциясына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү, конфискацияланган мүлк турган жерде кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча көрсөтүлгөн мүлккө сот аткаруучу тарабынан салынган камакка алууну алып салгандан кийин жана башка органдар тарабынан салынган камакка алуу алынбастан жүргүзүлөт.

Мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документи бешинчи кезектеги талап болуп саналат жана ушул Мыйзамдын 107-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген биринчи-төртүнчү кезектеги өндүрүп алуучулардын талаптары канааттандырылгандан кийин аткарылууга тийиш.

3. Конфискацияланган мүлктү алуудан, аткаруу документин кайра чакыртып алуудан жана карызкор менен жарашуу макулдашуусун түзүүдөн баш тарткан укуктарды кошпогондо, конфискацияланган мүлк өткөрүп берилүүчү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өндүрүп алуучунун укугуна ээ.

4. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын конфискацияланган мүлктү алуудан баш тартуусу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинеылайык жоопкерчиликке алып келет.

5. Мүлктү конфискациялоо (карызкордун банктардагы эсептерде жана салымдарда турган акча каражаттарын, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунда турган карызкордун баалуу кагаздарын жана акча каражаттарын кошпогондо) сот аткаруучу тарабынан калыс-күбөлөрдүн катышуусунда жана мүлктү тизмектөө актысын түзүү жана алып коюу менен жүргүзүлөт.

6. Акча каражаттарын конфискациялоодо сот аткаруучу конфискациялоо жөнүндө токтомду банкка, финансы-кредиттик уюмга жиберет. Токтомдо акча каражаттары которулууга тийиш болгон республикалык бюджеттин эсебинин реквизиттери көрсөтүлөт.

7. Документсиз баалуу кагаздарды конфискациялоодо сот аткаруучу конфискацияланган баалуу кагаздарды карызкордун эсебинен чыгарып салуу жана алардын компетенциясына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине чегерүү жөнүндө тапшырмасы менен бул баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алууну жүзөгө ашыруучу адамга конфискациялоо жөнүндө токтомду жиберет.

8. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы №126, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-96)
