# 94-берене. Кылмыш жасагандыгы үчүн жаза катары дайындалган айыпты өндүрүү жөнүндө аткаруу документин аткаруунун тартиби

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.06.2026 [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882); 28.10.2021 [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 94-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-94

---

1. Кылмыш үчүн дайындалган айып ушул беренеде белгиленген эрежелер боюнча аткарылат.

2. Айыпты өндүрүү жөнүндө аткаруу барагы айып түрүндө жаза дайындоо жөнүндө өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин сот тарабынан сот аткаруучулар кызматынын тиешелүү бөлүмүнө жөнөтүлөт.

3. Өзүнүн өндүрүшүнө айыпты өндүрүү жөнүндө аткаруу барагын кабыл алып, сот аткаруучу карызкорго (соттолгон адамга) айыпты төлөбөй коюунун кесепеттерин бир эле учурда түшүндүрүү менен, өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч ай өткөнгө чейин айыпты төлөө зарылдыгы жөнүндө кабарлоо тапшырат.

4. Кабарлоо ушул Мыйзамдын 45-беренесинде белгиленген эрежелер боюнча карызкорго тапшырылат же жөнөтүлүшү мүмкүн.

5. Эгерде ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген айыпты төлөө үчүн мөөнөт аяктагандан кийин сот аткаруучуда карызкор тарабынан тиешелүү акчалай сумма төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат жок болсо, анда ал сот актысын чыгарган сотко жаза катары дайындалган айыпты эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага алмаштыруу жөнүндө сунуш киргизет. Эгерде адам айыпталуучу деп таанылган берененин санкциясы эркиндигинен ажыратууну карабаса, адам Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 370-беренесинин негизинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. Сотко сунуш менен бирге аткаруу барагы да кайтарылат.

6. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [931-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-931)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-95)
