# 931-берене. Алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлордун маалыматтар базасы

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2019 года № 100 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111947)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=1283411..1283412>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-931>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-931.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 931-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-931

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлор жөнүндө маалыматтарды камтыган, анын ичинде электрондук түрдөгү маалыматтар базасын түзөт жана жүргүзөт.

2. Маалыматтар базасын түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби Башкы сот аткаруучу тарабынан аныкталат.

3. Маалыматтар базасында камтылган төмөнкү маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болуп саналат:

1) аткаруу документинин түрү, анын номери, аткаруу документин берген органдын аталышы;

2) аткаруу документи кабыл алынган дата;

3) аткаруу өндүрүшүнүн номери;

4) карызкор жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, туулган жери, сүрөтү);

5) аткаруу документи боюнча тындырылбаган карыздын суммасы;

6) аткаруу өндүрүшүн жүргүзүп жаткан сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн аталышы жана дареги;

7) карызкорго издөө жарыяланганы жөнүндө маалыматтар.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар карызкор издөөдө жүргөн учурда өндүрүп алуучунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жарыяланат жана карыз төлөнүп бүткөнгө же аткаруу өндүрүшү токтотулганга чейин жалпыга жеткиликтүү болуп саналат; бул маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.

Карыз толук тындырылгандан же аткаруу өндүрүшү токтотулгандан кийин сот аткаруучу кийинки күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга карызкорду маалыматтар базасынан алып салуу жөнүндө кабарландыруу жиберет. Карызкор жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан үч жумушчу күндүн ичинде маалыматтар базасынан чыгарылат. (КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-93)  
Кийинки берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-94)
