# 93-берене. Алименттерди жана алименттик милдеттенмелер боюнча карыздарды өндүрүп алуунун тартиби

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.06.2026 [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882); 17.08.2020 [Закон КР от 17 августа 2020 года № 135 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"](https://aqlex.ai/kg/doc/112069)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 93-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-93

---

1. Алименттер боюнча карыздардын суммасынын эсеби сот актысында белгиленген алименттердин өлчөмүнө же алименттерди төлөө жөнүндө макулдашууга негизденүү менен аткаруу документин аткаруучу жер боюнча сот аткаруучу тарабынан түзүлөт.

2. Карызкордун эмгек акысына карата үлүштө жашы жетелек балдар үчүн төлөнүүчү алименттер боюнча карыздын өлчөмү алименттик төлөмдөр өндүрүп алуу жүргүзүлбөгөн мезгилдин ичиндеги карызкордун эмгек акысына жана башка кирешелерине негизденүү менен аныкталат. Эгерде карызкор бул мезгил ичинде иштебесе же болбосо бул мезгилдеги анын кирешелери жөнүндө документтер берилбесе, анда алименттер боюнча карыз карызды өндүрүп алуу учуруна карата ошол жердеги орточо эмгек акынын өлчөмүнө негизденүү менен аныкталат.

3. Өткөн убакыт үчүн аткаруу документи боюнча алименттерди өндүрүп алуу аткаруу документи берилгенге чейинки үч жылдык мөөнөттүн чектеринде жүргүзүлөт.

Эгерде өндүрүп алуу карызкорду издөөгө байланыштуу жүргүзүлбөгөн болсо, анда өндүрүп алуу карызкорду издөөнүн бүткүл мезгили үчүн жүргүзүлөт.

4. Сот аткаруучу тарабынан аныкталган алимент боюнча карыздын өлчөмү аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын биринин кызыкчылыктарын олуттуу бузган учурда, кызыкчылыктары бузулган тарап, карыздын өлчөмүн туруктуу акчалай суммада аныктоо же үй-бүлө мыйзамдарында каралган тартипте аны төлөөдөн бошотуу жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.

5. Алименттерди төлөөдөн качкан учурда карызкор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат, бул жөнүндө ал сот аткаруучу тарабынан эскертилет.

6. Карызкор алименттик макулдашууну же алиментти төлөө боюнча сот актысын аткарбаганда же толук эмес көлөмдө аткарганда (жалпысынан үч айдын ичинде), сот аткаруучу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзөт жана сотко жөнөтөт.

7. Он эки айдан ашкан мөөнөттө пайда болгон карыз бар болсо, сот аткаруучу материалдарды ички иштер органдарына өткөрүп берүүгө милдеттүү.

(КР 2020-жылдын 17-августундагы № 135, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-92)  
Кийинки берене: [931-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-931)
