# 91-берене. Жазаны өтөп жаткан карызкордун - жеке жактын эмгек акысынан өндүрүп алуу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 91-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-91

---

1. Аткаруу документтери боюнча өндүрүп алуу түзөтүү жумуштарына соттолгон карызкордун - жеке жактын эмгек акысынан соттун өкүмү же токтому боюнча жүргүзүлгөн кармоолорду эсептен чыгарып салуу менен 70 пайызы өндүрүп алынат.

2. Аткаруу документтери боюнча түзөтүү мекемелеринде, ошондой эле тергөө изоляторлорунда алар көрсөтүлгөн жарандар жагынан түзөтүү мекемелеринин функцияларын аткарып жаткан учурда жазасын өтөп жаткан карызкор - жеке жактардын эмгек акысынын 70 пайызы өндүрүп алынат, мында аларды көрсөтүлгөн мекемелерде багуу боюнча чыгымдардын ордун толтурууга чегерүүлөр алып салынат.

---

Мурунку берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-90)  
Кийинки берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-92)
