# 90-берене. Карызкордун эмгек акысын жана башка кирешелерин кармоонун өлчөмү, аны эсептөөнүн тартиби

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=1283413..1283414>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 90-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-90

---

1. Карызкордун эмгек акысынан жана башка кирешелеринен, анын ичинде интеллектуалдык иштин натыйжаларынын авторлоруна берилүүчү сыйакыдан кармап калуунун өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктар кармалгандан кийин жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин калган суммадан эсептелет.

2. Аткаруу документин (бир нече аткаруу документтерин) аткарууда карызкордон - жеке жактан эмгек акысынын жана башка кирешелеринин 50 пайыздан ашыгы кармалышы мүмкүн. Кармоолор аткаруу документинде камтылган талаптарды толук өлчөмдө аткарганга чейин жүргүзүлөт.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген карызкордун - жеке жактын эмгек акысынан жана башка кирешелеринен кармоонун өлчөмүн чектөө жашы жетелек балдарга алименттерди өндүрүп алууда, ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтурууда, баккан адамынын өлүмүнө байланыштуу зыяндын ордун толтурууда жана кылмыш менен келтирилген залалдын ордун толтурууда колдонулбайт. Бул учурларда карызкордун - жеке жактын эмгек акысынан жана башка кирешелеринен кармоонун өлчөмү 70 пайыздан ашпайт.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-89)  
Кийинки берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-91)
