# 89-берене. Карызкордун - жеке жактын эмгек акысынан жана башка кирешелеринен өндүрүп алуунун тартиби

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.06.2026 [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882); 28.10.2021 [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-89>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-89.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 89-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-89

---

1. Сот аткаруучу карызкордун - жеке жактын эмгек акысынан жана башка кирешелеринен өндүрүп алууну төмөнкү учурларда жүргүзөт:

1) мезгилдүү төлөмдөрдү өндүрүп алуу жөнүндө талаптарды камтыган аткаруу документтерин аткаруу;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген 500 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган сумманы өндүрүп алуу;

3) аткаруу документинин талаптарын толук көлөмдө аткаруу үчүн карызкордун акча каражаттарынын жана башка мүлкүнүн жоктугу же жетишсиздиги;

4) 500 эсептик көрсөткүчтөн ашкан сумманы өндүрүп алууга өндүрүп алуучунун макулдугу.

Карызкордун эмгек акысынан жана башка кирешелеринен өндүрүп алуу карызкордун иштеген жерине же башка кирешелерди алган жерине аткаруу документтерин жиберүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Мезгилдүү төлөмдөрдү же болбосо алар боюнча карыздарды өндүрүп алуу жөнүндө талаптарды аткаруу үчүн карызкордун эмгек акысы жана/же башка кирешелери болбогондо же жетишсиз болгондо, өндүрүп алуу ушул Мыйзамдын 10-главасында белгиленген тартипте карызкордун акча каражаттарынан жана башка мүлкүнөн жүргүзүлөт.

3. Карызкорго эмгек акыны же башка мезгилдүү төлөмдөрдү төлөөчү жактар сот аткаруучудан аткаруу документин алган күндөн тартып аткаруу документинде камтылган талаптарга жана сот аткаруучунун тапшырмаларына ылайык карызкордун эмгек акысынан жана башка кирешелеринен акча каражаттарын кармап калууга милдеттүү.

Карызкорго эмгек акыны же башка мезгилдүү төлөмдөрдү төлөөчү жактар карызкорго тиешелүү төлөмдөрдү төлөгөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө кармалган акча каражаттарын өндүрүп алуучуга төлөөгө же которууга милдеттүү. Акча каражаттарын которуу же чегерүү карызкордун эсебинен жүргүзүлөт.

4. Карызкор иштеген, окуган жерин, пенсия жана башка кирешелерди алуучу жерин өзгөрткөндө карызкорго эмгек акыны, пенсияны, стипендияны же башка мезгилдүү төлөмдөрдү төлөп берүүчү жактар бул жөнүндө сот аткаруучуга жана өндүрүп алуучуга токтоосуз билдирүүгө жана аларга сот аткаруучулардын бөлүмүнө жүргүзүлгөн өндүрүп алуулар жөнүндө белги коюу менен аткаруу документин кайтарып берүүгө милдеттүү.

5. Карызкор - жеке жак жаңы иштеген, окуган жери, пенсия жана башка кирешелерди алуучу жери жөнүндө сот аткаруучуга жана өндүрүп алуучуга токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-88)  
Кийинки берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-90)
