# 88-берене. Кайрадан өткөрүлгөн аукционду өткөн жок деп жарыялоонун кесепеттери

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=1283413..1283414>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 88-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-88

---

1. Кайрадан өткөрүлгөн аукцион ушул Мыйзамдын 85-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча сот аткаруучу тарабынан өткөн жок деп табылат.

Кайрадан өткөрүлгөн аукцион өткөн жок деп жарыяланган учурда, мүлк сот аткаруучу тарабынан өндүрүп алуучуга же өндүрүп алуучуларга кайрадан өткөн аукциондо белгиленген баадан он пайызга төмөн баада сунушталат. Карызкордун сатылбаган мүлкүн калтыруу жөнүндө сунушта сот аткаруучу карызкордун мүлкүн калтыруудан баш тартуунун же болбосо ушул беренеде белгиленген мөөнөттө сунушка жооп жибербөөнүн кесепеттерин өндүрүп алуучуга түшүндүрүп берүүгө милдеттүү. Өндүрүп алуучу көрсөтүлгөн сунуш келип түшкөн күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде сот аткаруучуну сатылбаган мүлктү өзүнө калтыруу чечими тууралуу жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Эгерде бир кезекте турган бир нече талапкер бар болсо, анда сот аткаруучу тарабынан сунуштар сот аткаруучулардын аймактык бөлүмдөрүнө аткаруу документтери келип түшкөн кезегине ылайык өндүрүп алуучуларга жөнөтүлөт. Мүлктү өзүнө калтырган өндүрүп алуучу беш күндүк мөөнөттө өткөрүп берилип жаткан мүлктүн баштапкы баасынын суммасы менен анын үлүшүнө туура келген сумманын ортосундагы айырманы талаптарды канааттандыруунун белгиленген кезектүүлүгүн сактоо менен түзүлгөн ар бир өндүрүп алуучуга тиешелүү болгон сумманын эсебинен депозиттик эсепке которууга тийиш.

2. Башка өндүрүп алуучулар болбогондо же сатылбай калган мүлктү өзүндө калтырууга алардын чечими болбогондо, сот аткаруучу он жумушчу күндүн ичинде камакты алып салат жана мүлктү карызкорго кайтарып берет.

3. Сот аткаруучунун мүлктү карызкорго өткөрүп берүүсү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен жол-жоболоштурулат.

Сот аткаруучу сатылбаган мүлктү өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгарат. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-87)  
Кийинки берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-89)
