# 87-берене. Кайрадан аукцион өткөрүүнүн тартиби

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=1283413..1283414>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-87>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 87-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-87

---

1. Карызкордун мүлкүн өзүндө калтыруу боюнча өндүрүп алуучунун (өндүрүп алуучулардын) чечими жок болсо жана башка өндүрүп алуучу (башка өндүрүп алуучулар) болбосо, сот аткаруучу он күндүн ичинде мүлктүн биринчи тоорукта белгиленген баштапкы баасы менен аукцион кайрадан өткөрүлө тургандыгы жөнүндө жарыялайт.

2. Кайрадан өткөрүлүүчү аукцион ушул Мыйзамдын 83 жана 84-беренелеринде белгиленген тартипте өткөрүлөт.

3. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Кайрадан аукцион өткөрүүдө аукциондун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюунун, сатып алуучу тарабынан мүлк сатып алынган сумманы, ошондой эле шертпулдун суммасын төлөөнүн жалпы эрежелери колдонулат.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-86)  
Кийинки берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-88)
