# 86-берене. Аукционду өткөн жок деп жарыялоонун кесепеттери

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 86-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-86

---

1. Ушул Мыйзамдын 85-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарында каралган учурлардан тышкары, биринчи аукциондун өтпөй калганын жарыялагандан кийин сот аткаруучу ал өткөрүлгөн күндөн тартып беш жумушчу күнүнүн ичинде бул жөнүндө өндүрүп алуучуга жазуу жүзүндө кабарлайт жана карызкордун сатылбаган мүлкүн биринчи аукциондун алгачкы наркы боюнча өзүндө калтырууну сунуштайт.

Карызкордун сатылбай калган мүлкүн калтыруу жөнүндө сунушта сот аткаруучу өндүрүп алуучуга карызкордун мүлкүн калтыруудан же болбосо ушул беренеде белгиленген мөөнөттө сунушка жоопту жөнөтүүдөн баш тартуунун кесепеттерин түшүндүрүүгө милдеттүү. Өндүрүп алуучу көрсөтүлгөн сунушту алган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде сатылбай калган мүлктү өзүндө калтыруу чечими жөнүндө сот аткаруучуга жазуу жүзүндө кабарландырууга милдеттүү.

2. Бир кезекте турган бир нече өндүрүп алуучулар болгондо, сот аткаруучу сунуштарды аткаруу документтеринин келип түшүү кезектүүлүгүнө ылайык сот аткаруучулардын аймактык бөлүмдөрүнө жиберет.

3. Мүлктү өзүндө калтырган өндүрүп алуучу беш күндүк мөөнөттө өткөрүлүп берилүүчү мүлктүн баштапкы баасы менен анын үлүшүнө туура келүүчү сумманын ортосундагы айырманы талаптарды канааттандыруунун белгиленген кезектүүлүгүн сактоо менен түзүлгөн ар бир өндүрүп алуучуга тиешелүү болгон суммалардын эсебинен депозиттик эсепке киргизүүсү керек.

4. Сот аткаруучу сатылбаган мүлктү өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгарат. Сот аткаруучунун карызкордун мүлкүн өндүрүп алуучуга өткөрүп бериши кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен жол-жоболоштурулат.

5. Өндүрүп алуучу карызкордун мүлкүнөн жазуу жүзүндө баш тарткан же андан сатылбаган мүлктү өзүндө калтыруу чечими жөнүндө кабарландыруу келип түшпөгөн учурда, мүлк беш күндүк мөөнөттө башка өндүрүп алуучуларга сунушталат.

---

Мурунку берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-85)  
Кийинки берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-87)
