# 84-берене. Электрондук тооруктарды өткөрүү тартиби

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.06.2026 [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882); 16.02.2024 [Закон КР от 16 февраля 2024 года № 51 О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве")](https://aqlex.ai/kg/doc/230004708); 28.10.2021 [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 84-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-84

---

(Аталышы Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-февралындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө сот аткаруучу электрондук тооруктарды ушул Мыйзамда каралган тартипте ачык аукцион формасында өткөрөт.

2. Мүлктүн аукциону ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук соода аянтчасында өткөрүлөт.

3. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-февралындагы № 51 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Аукционго катышууну каалаган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) катышууга электрондук арыз берүүгө жана аукционго алардын катышуусуна тоскоолдуктар жогу жөнүндө тил кат берүүгө;

2) мүлктүн баштапкы наркынын 5 пайызы өлчөмүндө сот аткаруучулардын, жеке сот аткаруучунун аймактык бөлүмүнүн депозиттик эсебине шертпул төлөөгө.

Аукционго катышууга арыздарды кабыл алуу аукцион башталганга чейин бир күн мурда бүтөт. Аукционду утуп алган адам төлөгөн шертпул сатып алуу баасынын эсебине чегерилет. Тооруктардын калган катышуучулары төлөгөн шертпул шертпулду кайра кайтаруу жөнүндө арыз берилгенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде кайтарылып берилет.

5. Аукцион электрондук тооруктар жөнүндө кабарда көрсөтүлгөн күнү саат 00:01де башталат жана ошол эле күнү саат 23:59дан өткөндө аяктайт.

Электрондук соода аянтчасында электрондук аукционду өткөрүүгө же аукциондук өткөрүү жол-жобосуна тоскоол болгон техникалык үзгүлтүк фактысы болгон учурда, электрондук соода аянтчасынын техникалык оператору бул аукционду улантуунун датасы жана убактысы жөнүндө катышуучуларга алдын ала билдирүү менен техникалык үзгүлтүк оңдолгон күндөн кийинки үч жумуш күндүн бирине которот. Аукционду өткөрүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат.

6. Аукцион мүлктүн баштапкы баасынын 2 пайызынан кем эмес бааны өзгөртүү кадамы менен мүлктүн баасын жогорулатууга өткөрүлөт.

Аукцион аяктаган учурга карата алда канча жогорку бааны сунуш кылган катышуучу аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.

7. Аукциондун жеңүүчүсү аны аукциондун жеңүүчүсү деп таануу жөнүндө кабарды алгандан күндөн тартып жети күндөн кечиктирбестен сот аткаруучулар, жеке сот аткаруучунун кызматынын бөлүмүнүн депозиттик эсебине аукцион башталаардын алдында өзү төккөн шертпулдун суммасын эсепке алуу менен мүлктүн толук сатып алуу наркын төгүүгө милдеттүү.

8. Жеңүүчү (сатып алуучу) жана сот аткаруучу аукциондун жеңүүчүсү мүлктүн толук сатып алуу наркын төккөндөн кийин аукциондун натыйжалары жөнүңдө протоколго кол коюшат. Протоколдун нускасы сатып алуучуга берилет.

Протокол келишимдин күчүнө ээ жана тиешелүү мамлекеттик органдарда мамлекеттик реестрлерге зарыл жазууларды киргизүү үчүн негиз болуп саналат.

9. Сатып алуучу андан алынуучу бардык сумманы белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндө шертпулдун суммасы ага кайтарылып берилбейт жана аткаруу өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча атайын эсепке келип түшөт. Эгерде аукциондун жеңүүчүсү аукционго катышууга укуктуу эмес экени белгиленген учурда шертпул аткаруу өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча атайын эсепке келип түшөт.

Ушул берененин 8-бөлүгүндө каралган учурларда, жеке сот аткаруучунун депозиттик эсебине түшкөн шертпулдун суммасынын 1/3и жеке сот аткаруучунун тескөөсүндө калат, сумманын 2/3си жеке сот аткаруучу тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аткаруу өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча атайын эсепке которулат.

10. Сот аткаруучу аткаруу өндүрүшү токтотулуп турган, токтотулган, аяктаган учурларда же болбосо аткаруу документи өндүрүп алуучуга кайра кайтарылган учурда же болбосо сот актысынын негизинде аукцион башталганга чейин бир күн мурда аны өткөрүүдөн баш тартат.

11. Аукционго төмөнкүлөр катыша алышпайт:

1) ушул аткаруу өндүрүшү өндүрүшүндө болгон же турган сот аткаруучулары;

2) ушул ишти караган Кыргыз Республикасынын судьялары;

3) камакка алынган мүлктү баалоону жүргүзгөн эксперт, адис, баалоочу;

4) ушул бөлүктүн 1-3-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын ата-энеси, балдары, жубайы;

5) карызкор, анын өкүлү;

6) мүлктү тизмектөөгө жана камакка алууга катышкан адамдар;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аукционго чыгарылган мүлктүн менчик ээлери, же мүлктүк укуктардан ээлери болушу мүмкүн эмес адамдар.

12. Ушул Мыйзамдын эрежелерин бузуу менен өткөрүлгөн аукцион аукцион өткөрүлгөн күндөн тартып алты айдын ичинде жараксыз деп таанылышы мүмкүн. Өткөрүп жиберилген мөөнөт Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган негиздер боюнча калыбына келтирилиши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2024-жылдын 16-февралындагы № 51 , 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-83)  
Кийинки берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-85)
