# 81-берене. Ижара укугун сатуу тартиби

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 февраля 2024 года № 51 О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве")](https://aqlex.ai/kg/doc/230004708)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=1776..6482>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 81-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-81

---

1. Эгерде ижара келишиминде ижарачынын-карызкордун субижара келишими каралган учурда, ижара укугун сатууга жол берилет. Ижара укугун сатуу электрондук тооруктарда ушул Мыйзамда белгиленген эрежелер боюнча өткөрүлөт.

Атайын уруксатты (лицензияны) талап кылган ижара укугун сатууга тиешелүү лицензияны (уруксатты) берген жеке жана юридикалык жактарга гана мүмкүн.

2. Объектти ижарага алуу укугун сатуу боюнча эки натыйжасыз электрондук тоорукту өткөрүүдөн кийин ижара укугу, эгерде ижара үчүн мыйзам боюнча объект бөлүнсө, объекттин бир бөлүгүнө (бөлүктөрүнө) ал укук сатылышы мүмкүн.

3. Субижара укугунун келишимине жана карызкор тараптын башка зарыл болгон документтерге кол коюуну сот аткаруучу жасайт.

4. Эгерде мыйзамда субижара келишимин мамлекеттик каттоо каралган учурларда, келишим түзүлгөндөн кийин үч күндүн ичинде сот аткаруучу каттоочу органга зарыл болгон тиркемелери менен келишимди жиберет.

Каттоочу орган талаптагыдай түрдө жол-жоболоштурулган келишим жана тиркелген документтер келип түшкөн күндөн тартып жети күндүк мөөнөттө укуктарды кайра жол-жоболоштуруу боюнча зарыл болгон иш-аракеттерди жасайт жана бул жөнүндө сот аткаруучуга кабарлайт.

5. Карызкордун атынан сот аткаруучу кол койгон мүлктү субижара келишимин каттоо үчүн келишимге милдеттүү түрдө мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы жана ижара келишиминин көчүрмөсү тиркелет.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-февралындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [801-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-801)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-82)
