# 80-берене. Карызкордун мүлкүн адистештирилген уюм тарабынан сатылышынын тартиби

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 февраля 2024 года № 51 О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве")](https://aqlex.ai/kg/doc/230004708)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=1776..6482>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 80-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-80

---

1. Карызкордун мүлкүн адистештирилген уюмга сатуу үчүн өткөрүп берүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча сот аткаруучу тарабынан жүзөгө ашырылат.

2 Адистештирилген уюм сатып алуучуларга мүлктү сунуштаган баа мүлктү баалоодо көрсөтүлгөн мүлктүн наркынан аз болушу мүмкүн эмес.

3. Электрондук тооруктарда сатылуучуларды кошпогондо, эгерде карызкордун мүлкү сатууга өткөрүлүп берилген күндөн тартып бир айдын ичинде сатылбаса, анда сот аткаруучу бааны 25 пайызга азайтуу жөнүндө токтом чыгарат.

Эгерде карызкордун мүлкү баасы төмөндөтүлгөндөн кийин бир айдын ичинде сатылбаса, анда сот аткаруучу сунушка жооп жиберүүнүн мөөнөттөрүн, сунушка жооп жөнөтпөөнүн же болбосо сунуштан баш тартуунун кесепеттерин түшүндүрүү менен бул мүлктү өзүндө калтыруу сунушун өндүрүп алуучуга тапшырат же жиберет. Өндүрүп алуучу көрсөтүлгөн сунушту алган күндөн тартып беш күндүн ичинде сатылбаган мүлктү өзүндө калтыруу чечими жөнүндө сот аткаруучуга жазуу жүзүндө кабарландырууга милдеттүү. Баасы 25 пайызга төмөндөтүлгөндөн карызкордун мүлкүн өзүндө калтыруудан өндүрүп алуучу баш тарткан учурда, сот аткаруучу бааны дагы 25 пайызга азайтуу жөнүндө токтом чыгарат. Эгерде карызкордун мүлкү баасы 50 пайызга төмөндөтүлгөндөн кийин бир айдын ичинде сатылбаса, анда сот аткаруучу сунушка жооп жиберүүнүн мөөнөттөрүн, сунушка жооп бербөөнүн же сунуштан баш тартуунун кесепеттерин түшүндүрүү менен бул мүлктү өзүндө калтыруу сунушун өндүрүп алуучуга тапшырат же жиберет. Өндүрүп алуучу көрсөтүлгөн сунушту алган күндөн тартып беш күндүн ичинде сатылбаган мүлктү өзүндө калтыруу чечими жөнүндө сот аткаруучуга жазуу жүзүндө кабарландырууга милдеттүү. Сунушту тапшыруу же жиберүү сот аткаруучу тарабынан кабарлоолорду жана чакыруу кагаздарын тапшыруу же жиберүү үчүн ушул мыйзамда белгиленген жол-жоболор боюнча жүзөгө ашырылууга тийиш. Бир кезекте бир нече өндүрүп алуучулар болгондо, сот аткаруучу тарабынан сунуш сот аткаруучулардын бөлүмүнө аткаруучу документтер келип түшкөнүнүн кезектүүлүгүнө жараша өндүрүп алуучуларга жиберилет. Эгерде бул баа аткаруу документи боюнча өндүрүп алуучуга төлөнүүчү суммадан ашса, анда өндүрүп алуучу депозиттик эсепке тиешелүү айырманы бир убакта төлөгөн (которгон) шартта сатылбаган мүлктү өзүндө калтырууга укуктуу.

4. Мүлк башка өндүрүп алуучуларга сунушталат:

1) карызкордун мүлкүнөн өндүрүп алуучу баш тарткан же сатылбаган мүлктү өзүндө калтыруу чечими жөнүндө өндүрүп алуучудан кабарландыруу келип түшпөгөн учурда;

2) ушул берененин 3-бөлүгүнүн тогузунчу абзацында көрсөтүлгөн тиешелүү айырманы өндүрүп алуучу депозиттик эсепке төлөбөгөн (которбогон) учурда.

Башка өндүрүп алуучулар болбогондо же алардын сатылбаган мүлктү өзүндө калтыруу чечими болбогондо мүлк карызкорго кайтарылат.

5. Карызкордун мүлкүн сот аткаруучунун өндүрүп алуучуга өткөрүп берүүсү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен жол-жоболоштурулат.

6. Ушул беренеде көрсөтүлгөн токтомдордун көчүрмөлөрү алар чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-февралындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-79)  
Кийинки берене: [801-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-801)
