# 8-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 8-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-8

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

1) өзүнүн карамагында турган сот аткаруучулардын аймактык бөлүмдөрүнүн, кызмат бөлүмдөрүнүн ишин координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашырат;

2) сот аткаруучулар кызматынын адистештирилген бөлүмдөрүн түзөт;

3) жеке сот аткаруучуларга жеке сот аткаруучунун ишин жүзөгө ашырууга укук жөнүндө күбөлүк берет (мындан ары - жеке сот аткаруучунун күбөлүгү);

4) Кыргыз Республикасынын Жеке сот аткаруучуларынын бирдиктүү реестрин түзөт, аны жүргүзүү тартибин аныктайт жана аны расмий сайтта жарыялайт;

5) жеке сот аткаруучунун ишин жүзөгө ашыруу укугун токтото турат жана токтотот;

6) жеке сот аткаруучулардын иш-аракеттерине сотко чейинки тартипте даттанууларды карайт;

7) Милдеттенмелердин реестрин түзөт жана жүргүзөт;

8) ушул Мыйзамда каралган башка функцияларды жүзөгө ашырат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот аткаруучулардын ишин контролдоону жана координациялоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырат.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мекемелерди түзүүгө укуктуу. Аларды түзүү жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына отчет берет. Алардын өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан аныкталат.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-9)
