# 78-берене. Карызкордун мүлкүн сатуу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 февраля 2024 года № 51 О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве")](https://aqlex.ai/kg/doc/230004708)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.02.2024 [Закон КР от 16 февраля 2024 года № 51 О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве")](https://aqlex.ai/kg/doc/230004708); 28.10.2021 [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=1776..6482>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-78>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-78.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 78-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-78

---

1. Эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, карызкордун мүлкүн сатуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте аныкталган жана тартылган адистештирилген уюмдар тарабынан сатуу жолу менен же ушул Мыйзамда каралган тартипте электрондук тоорук аркылуу сот аткаруучу тарабынан жүзөгө ашырылат.

Адистештирилген уюм сатылуучу мүлк жөнүндө маалыматты Интернеттин маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында, ал эми сот аткаруучу электрондук тооруктарда сатылуучу мүлк жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырууга милдеттүү.

2. Карызкордун кыймылсыз мүлкүн, баалуу кагаздарын (ачык пайлык инвестициялык фонддордун инвестициялык пайларын, жабык акционердик коомдордун акцияларын, ал эми сот аткаруучунун чечими боюнча - ошондой эле интервалдык пайлык инвестициялык фонддордун инвестициялык пайларын кошпогондо), мүлктүк укуктарын, күрөө кармоочу болуп саналбаган өндүрүп алуучунун талаптарын канааттандыруу үчүн өндүрүп алуу жүргүзүлгөн күрөөгө коюлган мүлкүн, тарыхый же көркөм баалуулукка ээ болгон предметтерин, электрондук тооруктарды өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

3. Дебитордук карызды сатуу 74-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурларда электрондук тооруктарды өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

4. Ачык жана интервалдык пайлык инвестициялык фонддордун инвестициялык пайларын сатуу үчүн сот аткаруучу аларды тындыруу жөнүндө башкаруучу компанияга карата талаптарын коет.

Интервалдык пайлык инвестициялык фонддордун пайлары ушул интервалдык пайлык фонддун эрежелерине ылайык пайлар сатып алууга коюлган мезгилге башкаруучу компаниянын сатып алуусуна коюлат.

5. Жаныбарларды сатуу ушул Мыйзамдын 801-беренесинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2024-жылдын 16-февралындагы № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-77)  
Кийинки берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-79)
