# 75-берене. Карызкордун үчүнчү жактарда турган мүлкүнөн өндүрүп алуу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 75-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-75

---

1. Карызкордун үчүнчү жактарда турган мүлкүнөн өндүрүп алуу соттук актынын негизинде жүргүзүлөт.

2. Өндүрүп алуучунун карызкордун үчүнчү жактарда турган мүлкүнөн өндүрүп алуу жөнүндө арызы сот тарабынан, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө каралат.

3. Карызкордун үчүнчү жактарда турган мүлкүнөн өндүрүп алуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттук акты токтоосуз аткарылууга жатат.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жобо төмөнкү учурларда колдонулбайт:

1) банктардагы эсептерде, салымдарда жана сактоодо турган акча каражаттарынан өндүрүп алуу;

2) ушул Мыйзамдын 69-беренесинде көрсөтүлгөн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун эсептеринде турган карызкордун баалуу кагаздарынан жана акча каражаттарынан өндүрүп алуу;

3) карызкордун мүлкүнө камак салуу жөнүндө талапты камтыган соттук актыны аткаруу;

4) күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүп алуу.

---

Мурунку берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-74)  
Кийинки берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-76)
