# 74-берене. Дебитордук карыздан өндүрүп алуу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 февраля 2024 года № 51 О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве")](https://aqlex.ai/kg/doc/230004708)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=1776..6482>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 74-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-74

---

1. Дебитордук карыздан өндүрүп алуу ушул Мыйзамдын 65-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аныкталуучу карыздын өлчөмүндөгү дебитордук карызды карызкордун алуу укугунун өндүрүп алуучуга өтүүсүндө турат, бирок өндүрүп алуу күнүнө орун алган дебитордук карыздын көлөмүнөн ашпайт жана ошондой эле шарттарда.

2. Дебитордук карыздан өндүрүп алуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) өндүрүп алуучунун макулдугу болгондо - дебитордун дебитордук карызын депозиттик эсепке төгүү (которуу) жолу менен;

2) өндүрүп алуучунун макулдугу болбогондо же дебитордун дебитордук карызын депозиттик эсепке төкпөгөндө (которбогондо) - дебитордук карызды электрондук тоорукта сатуу жолу менен.

3. Төмөнкү учурларда дебитордук карыздан өндүрүп алуу жүргүзүлбөйт:

1) өндүрүп алуу үчүн доомат коюунун мөөнөтүнүн эскириши;

2) дебитор Кыргыз Республикасы укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишим түзбөгөн чет мамлекетте турса;

3) дебитор жоюлуу процессинде турса;

4) дебитор юридикалык жак катары өз ишин токтотсо жана юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен чыгарылса;

5) дебиторго карата банкроттук жол-жобосу киргизилсе.

4. Дебитордук карыздан өндүрүп алуу жөнүндө сот аткаруучу токтом чыгарат, анда дебитордун депозиттик эсепке акча каражаттарын төгүүсүнүн (которуусунун) тартибин көрсөтөт. Көрсөтүлгөн токтом ал чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен дебиторго жана аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет.

5. Сот аткаруучу өзүнүн токтому менен дебиторду депозиттик эсепке акча каражаттарын төгүү (которуу) жолу менен тиешелүү милдеттенмелерди аткарууга милдеттендирет, ошондой эле карызкордун алардын негизинде дебитордук карыз келип чыккан укуктук мамилелерди өзгөртүүсүнө тыюу салат.

6. Дебитордук карызды өндүрүп алуу жөнүндө сот аткаруучунун токтомун дебитор алган күндөн тартып дебитордун тиешелүү милдеттенмелерди аткаруусу депозиттик эсепке акча каражаттарын төгүү (которуу) жолу менен жүзөгө ашырылат. Дебитордун милдеттенмелерди мындай аткаруусу кредиторго талаптагыдай аткаруу деп эсептелет. Мында дебитордун карызкорго карата укуктары өзгөрбөйт.

7. Дебитор депозиттик эсепке акча каражаттары түшкөнү (которулганы) жөнүндө сот аткаруучуга жана карызкорго токтоосуз маалымдоого милдеттүү.

8. Ушул берененин 1-7-бөлүктөрүнө ылайык депозиттик эсепке дебитор акча каражаттарын которгон учурду кошпогондо, дебитордук карыздын баасы мүлктүк укукту баалоо жөнүндө сот аткаруучунун токтомунда көрсөтүлгөн дебитордук карыздын наркынан аз болушу мүмкүн эмес.

Дебитордук карыздын баасы дебитор которгон акча каражаттарынын суммасына карата карызкордун алдындагы дебитордун негизги карызынын суммасына карата пропорциялуу азаят. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-февралындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-75)
