# 73-берене. Мүлктүк укуктардан өндүрүп алуу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 73-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-73

---

1. Аткаруу өндүрүшүнүн алкактарында өндүрүп алуу карызкорго таандык болгон мүлктүк укуктарынан жүргүзүлүшү мүмкүн, анын ичинде:

1) кредитор (мындан ары - дебитор) катары анын алдындагы акчалай милдеттенмесин аткарбаган карызкордун үчүнчү жакка карата талап кылуу укуктары, анын ичинде карызкор тарабынан иш жүзүндө берилген товарлар, аткарылган жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр боюнча акы төлөө боюнча, жалдоо, ижара жана башкалар боюнча талап кылуу укуктарынан (мындан ары - дебитордук карыз);

2) аткаруу документи боюнча өндүрүп алуучу катары талап кылуу укугунан;

3) мүлккө ижара укугунан;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларга өндүрүп алуу жүргүзүлүшү мүмкүн болбогон учурларды кошпогондо, интеллектуалдык иштин натыйжаларынан жана жекелештирүү каражатынын натыйжасына карата өзгөчө укуктан.

2. Үчүнчү жактарга карата карызкорго таандык болбогон мүлктүк укуктардан өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-74)
